Германиянын Мүнхен шаарында 13-февраль күнү эртең менен белгисиз адам машинеси менен көчөдө топтолгон адамдарды сүзгөн. Bild басылмасы жазгандай, 20дай киши жаракат алды. Окуя борбордук вокзалга жакын жерде болгон.
Ал маалда жергиликтүү тургундардын демонстрациясы өтүп жаткан. Жабыркагандардын көбү ошол иш-чаранын катышуучулары болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу бул кадамга атайылап баргандай сезилген. Полиция айдоочу кармалганын билдирди.
13-февралда Мүнхенде Коопсуздук боюнча эл аралык конференция башталат. Ага АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусу күтүлүп жатат.
Былтыр 21-декабрда Германиянын түндүк-чыгышындагы Магдебург шаарында Рождество майрамына карата уюштурулган жарманкеде автоунаа тебелеп кеткен беш киши кайтыш болгон. Жаракат алгандардын саны 40тан ашкан.
Анда шектүү Сауд Арабияда туулган 50 жаштагы дарыгер экени кабарланган. Маалыматка караганда, ал Германияга 2006-жылы биринчи жолу келип, Бернбург ооруканасында психиатр, психотерапевт болуп иштеген.
Шерине