Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Жогорку Кеңеш талаш жараткан Жер кодексин үчүнчү окууда кабыл алды


Жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт - "кызыл китеп".
Жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт - "кызыл китеп".

Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын үчүнчү окууда кабыл алды. Ал эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берген. Бул демилге добушка коюлган жок.

Жер кодексинин жаңы редакциясын Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан. Документ бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылдын жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап баштаган.

Кыргызстанда Жер кодекси алгачкы жолу 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра ревизиядан өтүшү мүмкүн экен.

Айрым депутаттар дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин билдирүүдө. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG