Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

CPJ: Былтыр дүйнөдө 124 журналист ажал тапты, анын 70% Газага тиешелүү


Газа тилкеси. 26-декабрь, 2024-жыл
Газа тилкеси. 26-декабрь, 2024-жыл

Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists – CPJ) өткөн жылы мурда болуп көрбөгөндөй сандагы журналист киши колдуу болуп каза тапканын билдирди. Уюм ошол өлүмдөрдүн дээрлик 70% үчүн Израил жооптуу деп кошумчалады. CPJ маалыматына караганда, былтыр 18 өлкөдө бери дегенде 124 журналист ажал тапты.

"Комитет түзүлгөндөн бери мынча кабарчы жана медиа кызматкердин өмүрү кыйылган эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

CPJ Израил менен ХАМАСтын жаңжалы 85 журналисттин өмүрүн алганын, алар израилдик аскерлердин колунан каза тапканын белгилеп, Израилди андай окуяларды жаап-жашыруу, жоопкерчиликти журналисттердин өздөрүнө жүктөө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу милдетин аткарбоо аракети үчүн айыптады.

Рейтер агенттиги израилдик аскерлер журналисттердин өлүмүнө байланышкан окуялар тууралуу жетиштүү маалымат бербегенин, аларды текшерүү мүмкүн болбогонун айтып жооп бергенин жазды. Израил тарап журналисттерге жана карапайым кишилерге зыян келтирбөөгө аракет кылганын билдирген.

CPJ 2023-жылы 102, андан мурдагы жылы 69 журналист каза тапканын маалымдады. 2007-жылы 113 кабарчы дүйнө менен кош айтышкан, комитеттин айтымында, жарымынан көбү Ирактагы согушка байланыштуу өлгөн.

Набыт болгон медиа кызматкерлердин саны жагынан экинчи орунда Пакистан жана Судан турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG