Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Улуттук кардиохирургия институтундагы өрттөн эки бала каза болуп, 9 адам жабыркады


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. 2025-жылдын 12-февралы.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. 2025-жылдын 12-февралы.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттөн каза болгондор жана башка ооруканага которулган бейтаптар тууралуу комментарий берди.

Мекеменин 12-февралдагы маалыматына караганда, кырсыктан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза тапты.

11-февралдын кечинде өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жалпы 104 адам болгон. Алардын ичинен 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер болгон.

12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. 19 адам үйүнө дарыланууга коё берилди.

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган балдардын ичинен экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, иске ууланып ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен жети киши Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарыгери, экөө бейтаптарды карап жаткан адамдар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG