Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Улуттук кардиохирургия институтундагы өрттө эки адам каза тапты


Өрт чалган имарат. Бишкек, 11-февраль, 2025-жыл
Өрт чалган имарат. Бишкек, 11-февраль, 2025-жыл

Шейшембинин кечинде Бишкек шаарындагы Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун имаратында чыккан өрт эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбуктагы барагына жазды.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы эки адам каза болду. Өрттү өчүрүүгө жалпы алты бөлүм, эки автошаты, Бишкек шаардык "Куткаруу кызматынын" куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлдү", - деп билдирди Ажикеев.

Азырынча каза тапкан жарандардын тек-жайы жана ооруканадагы тилсиз жоого эмне себеп болгону так айтыла элек.

Министр Ажикеев жарыялаган видеолордон өрт өчүрүүчүлөр түтүн каптаган имаратта иштеп жатканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG