Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы такталганы менен, жол жана суу объектилеринин маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу шейшембиде маалымат жыйынында кошуна республиканын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин билдирди.
“Чек ара маселеси чечилди, документти түзүү гана калды. Жумушчу топтор дээрлик жума сайын же бул жерде, же Кыргызстан тарапта жолугуп келатат. Билгенибизге караганда, 2-3 маанилүү маселе кала берүүдө, аларды да жөнгө салуу зарыл”, - деп айтты министр "Азия-Плюс" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып.
Башкы дипломаттын айтымында, ошол маанилүү маселелерге Ворух жана Исфара ортосунда жол салуу, “суу объектилерин пайдалануу” кирет. Ал “суу объектилерин” колдонуу кандай уюштурулары чечилүүгө тийиш деп кошумчалады.
Мухриддин чек ара боюнча макулдашуудан тышкары ушул маселелер боюнча эки өкмөт аралык келишимдерге кол коюу каралып жатканын айтты. Бирок качан кол коюларын тактаган жок.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо соңку жылдары өтө татаалдашып, 2021-жылы жана 2022-жылы кандуу куралдуу кагылышка да алып келди. Бул окуялардан соң Бишкек чек арасын бир тараптуу жаап, ошондон кийин гана тактоо иштери алдыга жылды.
Былтыр декабрь айынын башында Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасын тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган.
Ташиев Жогорку Кеңеште учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламентке жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.
28-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара кандай шартта чечилгенин жана качан толук бүтөрүн айткан.
Кабарчы Баткендин тургундары чек ара такталганын угуп, үйүнө кайтып жатканы тууралуу “Азаттык” радиосунда чыккан баянды мисал келтирип, президентке суроо узаткан. Ага жооп берген мамлекет башчы чек араны тактоо иштери дээрлик бүткөнүн, азыр кагаз иштери жүрүп жатканын, ал даяр болсо өкмөттүк комиссиялар кол коюп, андан соң парламенттер ратификация кылып, президенттер жактырарын билдирген.
Шерине