Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ооганстан: Кундузда жанкечтинин жардыруусунан кеминде беш киши каза тапты


Кундуз провинциясы. Иллюстрация
Кундуз провинциясы. Иллюстрация

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде беш киши каза тапканын, жетөө жараат алганын жергиликтүү полиция билдирди. AFP агенттиги жазганына караганда, окуя "Кабул банкынын" жергиликтүү филиалынын жанында болгон. Каза тапкандардын арасында банктын кайтаруучусу да бар. Бул тууралуу полициянын басма сөз катчысы Жамуиддин Хаксар билдирди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Хаксар тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун Ооганстандагы канаты буга чейин чабуулдарды ишке ашырып келген. Бирок "Талибан" кыймылы 2021-жылы августта Кабулдагы бийликти кайра алгандан бери андай кол салуулар азайган.

"Ислам мамлекети" террордук уюму ошондой эле Ооганстандагы шия азчылыгын бутага алган учурлар болуп келген.

Мындан эки ай мурун Кабулда жанкечтинин жардыруусунан талибдердин качкындар боюнча министри Халил Хаккани жана бир нече киши набыт болгон.

Ал “Талибандын” Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден бери киши колдуу болуп өлгөн биринчи жогорку өкүлү болуп калды.

АКШ Халил Хакканини 2011-жылы 9-февралда террорчулардын глобалдык "кара тизмесине" киргизген жана аны кармоого жардамдашкан маалымат үчүн 5 миллион доллар убада кылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG