Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Азербайжан орусиялык депутат Валуевди "кара тизмеге" киргизди


Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Николай Валуев. Архив
Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Николай Валуев. Архив

Азербайжан Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты, мурдагы мушкер Николай Валуевди персона нон грата деп жарыялады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги буга Валуевдин азерилердин дарегине айткан катуу сөздөрү себеп болгонун билдирди.

Баку "Россотрудничество" уюмунун ишин токтотуп, "Орус үйү" деген өкүлчүлүгүн жапкандан кийин депутат Орусиядагы азери диаспорасын жоюуга, бизнесин жана активдерин тартып алууга, виза режимин киргизип, азери жарандарын депортациялоого чакырган.

Азербайжандын тышкы саясий мекемеси Валуевдин сөздөрүн акаарат келтирүүчү жана кабыл алынгыс деп сыпаттады. Аны өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын "кара тизмесине" киргизишти. Тизмеде Мамдуманын дагы эки депутаты бар.

Валуев интервьюлардын биринде Бакунун чечими аны таң калтырганын, тыюунун себеби түшүнүксүз экенин айтып, аны менен талашпай турганын кошумчалады.

3-февралда Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги "Россотрудничество" уюму өлкөнүн мыйзамдарын олуттуу бузгандыктан, Москвага "Орус үйүнүн" ишмердигин токтотуу тууралу нота жиберген.

Кабарга караганда, маалымат-маданий борбору юридикалык тарап катары каттоодон өткөн эмес.

Ага чейин мамлекетке караштуу Baku.tv телеканалы "Орус үйүнүн" ишмердиги тууралуу репортаж жарыялап, анын кызматкерлерин тыңчылыкка айыптаган. Примаков анда дооматтардын барын четке кагып, мекеме бир гана "билим берүү, маданият жана илим тармагында иш алып барарын" айткан.

Бул репортаж Актауда Азербайжан компаниясынын учагы кулап түшкөндөн бир нече жумадан соң жарыяланды. Азери президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирген. Ал Орусияны бул үчүн толук жоопкерчиликти алууга чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG