2025-жылы 5-февралда Орусияда жүргөн 67 миңге чукул кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген жана алардын көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн. Бул жарандар аталган реестрден чыгып, банк карталарын бөгөттөн чыгаруу жана башка чектөөлөрдү алып салуу үчүн өздөрүнүн укуктук макамын жөнгө салууга - Орусияда жүрүү укугун мыйзамдаштырууга же Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-февралдан тарта Орусияда миграция мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгаруу деген жаңы укуктук режим киргизилген, бул Орусияда жүргөн, бирок анда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.
Министрлик ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери мурда эле кабарланганын эскертти.
"Өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууну каалаган кыргызстандык жарандар Орусиянын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар үчүн "Сахарово" миграциялык борборуна) кайрылууга жана иш берүүчү 2025-жылдын 30-апрелине чейин күбөлөндүргөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын жарандары мындан тышкары биометрикалык маалыматтарын тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүүгө, Орусиянын мыйзамдарына ылайык төлөнүшү керек болгон милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарын жоюуга тийиш.
Ошондой эле убактылуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими бар жана бул жол-жоболордон өткөн жарандар көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген болсо, андан чыгуу үчүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуусу керек.
ТИМ кыргызстандык жарандарды көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине кирип калбоо үчүн тез аралыкта бардык документтерин иретке келтирип, Орусияда мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан бардык маселелерин чечип алууга чакырды.
"Азаттыкка" Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын бир нечеси кайрылып, документтери так экенине карабай банк картасы иштебей калганын, каражатын ала албай жатканын айтып даттанышты. Алар көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганын айтууда.
ТИМ Орусияда миграция мыйзамдары улам катаалдашып жатканына байланыштуу ал жактагы кыргызстандык жарандарды укуктук макамын жөнгө салуу тууралуу эскерткен. (ZKo)
Шерине