Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

ЖКнын тармактык комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду


Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.
Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 11-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн экени жазылган.

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга чакырык камтылган материалдарды, дискриминацияга, кастыкка же зордук-зомбулукка үндөгөн, расалык жана диний касташууну күчөткөн маалыматтарды, террористик ишти жүзөгө ашырууга чакырыктарды камтыган же терроризмди ачык актаган материалдарды бир жылда бир нече жолу (эки жолудан ашык) жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса медиа соттун чечими менен жабылат.

2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. 7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи вариантында кабыл алынса ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG