MCN coin криптоактивинин чет жакта эсептери бар-жогу текшерилип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде суроолорго жооп берип жатып айтты.
“Биздин маалымат боюнча бул (MCN coin) Түндүк Кипрде катталган. Негиздөөчүсү Моше Крут деген адам. Биз алардын чет жакта кандай эсептери бар, эмнелери бар деп Интерполго кат жөнөттүк”, - деди ал.
Данияр Закиров MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилгенин кошумчалады.
Маалымат боюнча, MCN coin'ге байланыштууу 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-“Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалган. Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.
Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.
УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.
Соңку айларда Кыргызстанда бул криптоактивди жарнамалоо күчөгөн. Аны уюштургандар ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар “тез эле миллионер болот” деп убада кылып келген. Ага коомчулукк аты белгилүү адамдар да тартылган.
Адистер бул “каржы пирамидасы” экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертишкен. (BTo)
Шерине