Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетти. 10-февралдагы БШКнын жыйынында анын арызы каралып, кабыл алынды.
Шайлдабекова БШКнын мүчөсү катары жаңы жетекчиге талапкер көрсөтүү укугу бар экенин белгилеп, Тынчтык Шайназаровду көрсөттү. Шайназаровдун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен өттү.
Нуржан Шайлдабекова бул кызматка 2016-жылы шайланган. 2021-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы беш жылдан бери төрайым болуп келаткан Шайлдабекованы кайрадан жетекчи кылып шайлаган.
Анын жетекчилигинде БШК эки жолу президенттик, парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөрдү.
Тынчтык Шайназаров 2021-жылдан бери БШКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келет. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон. Ага чейин прокуратура тармагында иштеп келген.
БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт. БШКнын мүчөлөрү беш жылдык мөөнөткө шайланат. Өз каалоосу менен кызматтан кеткен жагдайдан башка учурда алар мөөнөтүнүн аягына чейин иштей берүүгө укуктуу. (TSh)
Шерине