Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:46

ТИМ Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалганын билдирди


Пуэрто-Рико аралы
Пуэрто-Рико аралы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Пуэрто-Рикодо (Пуэрто-Рико АКШнын аймагына кирет, бирок өзүн өзү башкаруу укугуна ээ) АКШнын иммиграция мыйзамдарын бузган деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалып, Флорида штатындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги эки кыргызстандыктын кармалышы боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, АКШнын жаңы миграциялык саясаты, санкциялар тууралуу сүйлөшкөн.

Америка Кошмо Штаттардын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган. Ушул тапта АКШда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өтүп, аларды депортациялоо уланууда.

Дональд Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.

Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга керектүү документтерди жанына ала жүрүү керектигин эскертип, кандайдыр бир маселе жаралган учурда дипломатиялык мекемеге кайрылууга чакырган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG