Түндүк Кореянын эли жана армиясы Орусиянын суверенитетин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо Москвага "жакындан колдоо көрсөтүүгө даяр". Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Коргоо министрлигинде жасаган билдирүүсүндө айтты. Ал ошондой эле Жапония, АКШ жана Түштүк Кореянын ортосундагы үч тараптуу аскердик кызматташууга токтолуп, бул өлкөлөрдү аймактагы чыңалуу үчүн айыптады. Ал Пхеньян эскалацияны көздөбөстүгүн, бирок аскердик тең салмактуулукту сактап туруу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн кошумчалады.
Буга чейин Жапониянын NHK телеканалы ишенимдүү булактарына таянып, 2025-жылы Түндүк Корея Орусиянын жардамы менен дрон чыгарууга камданып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, тараптар ортосундагы мындай макулдашуу түндүк кореялык аскерлерди Орусия Украинага каршы согушка катышуу үчүн жөнөтүп жатканда кабыл алынышы мүмкүн.
Ошол эле учурда телеканалдын өз булактарынын ырасташынча, Москванын Пхеньянга өзөктүк курал чыгарууга көмөктөшүү ниети жок.
Өткөн айда расмий Сеул Түндүк Корея Орусияга дагы кошумча аскер жөнөтүп жаткан болушу мүмкүн деп билдирген. Былтыр октябрь-ноябрь айларында Пхеньян Москвага 11 миңдей аскер жөнөткөнү кабарланган.
Алардын көбү Курск облусундагы украин күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга салынган. Түндүк кореялык жоокерлердин миңден ашууну окко учканы кабарланса, айрымдары украин армиясына туткунга түшүп калган.
Шерине