Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Израил аскерлери Газадагы маанилүү коридордон чыгып кетти


Газа тилкесинин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Нецарим коридору.
Газа тилкесинин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Нецарим коридору.

Израил аскерлери (ЦАХАЛ) Газадагы маанилүү коридордон 9-февраль күнү чыгып кетти. Бул тууралуу ЦАХАЛ билдирди. Мындай шарт Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишиминде каралган. Анын алкагында Израил узундугу алты чакырымды түзгөн Нецарим коридорунан өз күчтөрүн чыгарып кетүүгө милдеттүү. Бул жол Газанын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турат.

Макулдашуу күчүнө киргенден тартып, өткөн айда Израил газалыктарга Нецарим аркылуу анклав түндүгүнө кайтууга уруксат берген. Сөз болуп жаткан коридордон канча израилдик аскер чыгарылганы белгисиз.

19-январда күчүнө кирген макулдашуунун биринчи баскычы алты аптага созулмак. Анда ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек эле. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы 33 туткун бошотулуп, Израил түрмөлөрүндөгү 2000дей палестин да эркиндикке чыгары каралган.

Учурда тараптар макулдашуунун экинчи баскычына жетишүү боюнча мунаса таба элек. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Катардагы сүйлөшүүлөргө төмөнкү деңгээлдеги өкүлдөрүн жиберип койгон. Мындан улам байкоочулар жакын арада натыйжа чыкпай турганын айтышууда. Нетаньяху кийинки аптада бул маселе боюнча министрлер менен жыйын өткөрөрү күтүлүп жатат.

Экинчи баскычта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрмөк. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.

Хамасчылар Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.

ХАМАСтан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG