Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди


Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бирок ал качан болгонун тактаган жок. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп берген эмес.

АКШнын президентинин ырасташынча, Путин ага "(кармаш жүрүп жаткан аймактарда) адамдардын набыт болушун токтотууну кааларын" айткан.

Трамп бул маегинде Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу анын так планы бар экенин дагы бир жолу белгилеген жана ал чукул ишке ашарына үмүттөнгөн. Ошондой эле Орусия менен Украинанын президенттери экенин так атабастан "алар жолугушууну каалайт" деп билдирген.

Кремль бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Трамп келерки аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн экенин айткан.

АКШнын президенти Украинадагы согушту тез арада бүткөрүү үчүн Путин менен сүйлөшөрүн билдирип келет. Буга чейин Ак үй бул тема Орусия менен "абдан олуттуу" деңгээлде талкууланганын, жакын арада куралдуу кармашты токтотууга байланыштуу "орчундуу" кадамдар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.

Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин ырастаган. Ошол эле маалда Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG