Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы (А.Т.) ушул эле бөлүмдүн дарыгери (А.Х.) жана улук медайым (К.А.) кармалганын билдирди.
Аларга дары-дармектерди системалуу түрдө эсептен чыгарып, онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатып турган деген айып тагылды.
Кармалган үч адам атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары жана Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек.
Январь айынын аягында эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан акча алып турган деген айып менен кармалган. УКМКга дарыгерге каршы бейтаптар арыз менен кайрылган. (BTo)
Шерине