Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Касымалиев АКШ элчиси Вигери менен эки өлкө кызматташтыгын талкуулады


Адылбек Касымалиев, Лесли Вигери.
Адылбек Касымалиев, Лесли Вигери.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алып, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн келечеги тууралуу сүйлөштү. Касымалиев Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына жана кеңейишине ишеним билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн америкалык консалтингдик компаниялар менен, анын ичинде IT, тоо-кен өндүрүшү, энергетика, авиация жана темир жол транспорту чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Вигери өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын ырастаган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, 2025-жылы Кыргызстан үчүн жалпысынан 39,6 миллион доллар суралганы жазылып турат. Ал сумманын негизги бөлүгү болгон 24,3 миллион долларды Европага, Евразияга жана Борбор Азияга жардам программасынын алкагында берүү пландалып жатат.

Бул каражатты экономиканы өнүктүрүүгө, билим берүү жана социалдык кызмат сапатын жакшыртууга, демократияны бекемдөөгө, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого жумшоо мерчемделген.

Ошондой эле Глобалдык саламаттык сактоо программасы аркылуу 12 миллион доллар бөлүнөрү, анын 6 миллион доллары кургак учук илдетине каршы күрөшүүгө, 6 миллион доллары инфекциялык ооруларды алдын алууга суралган.

Ал эми калган каражат коопсуздукту камсыз кылууга, терроризмге жана маңзаттын жайылышына каршы күрөшүүгө коротулары жазылган.

АКШнын эл аралык жардам сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы Кыргызстанга бул өлкө 38,4 миллион доллар бөлгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG