Москва менен Вашингтондун Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча байланышы күчөгөнүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын эки өлкө ортосундагы “өтө конструктивдүү” сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүн ушинтип чечмеледи.
"Айрым ведомстволордун ортосунда чындыгында байланыштар бар. Алар соңку күндөрү күчөдү. Бирок мен силерге башка деталдарды айта албайм", - деди Песков.
Песков ошондой эле орус президенти Путиндин украин лидерин легитимсиз деп бир нече жолу айтканына карабай, Москва Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.
Шейшембиде украин президенти Зеленский британ журналисти Пирс Морганга Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди.
"Эгер бул украиндерге тынчтык алып келип, адамдардын өлүмүн алдын ала турган болсо, биз мындай жолго да барууга даярбыз ", - деди Зеленский.
3-февралда Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп жатканын, анын администрациясы болсо эки өлкө менен, башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирген.
Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.
Владимир Зеленский муну ультиматум катары баалап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган. (AiA)
Шерине