5-февралда Тажикстандын Жогорку соту “төңкөрүш жасоо аракети” боюнча айыпталгандарга өкүм чыгарганын "Озоди” радиосу билдирди. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, күч түзүмдөрүнүн отставкадагы жетекчилери баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар жана журналисттер бар.
Сот Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифини жана Тажикстан Демократиялык партиясынын экс-лидери жана парламенттин мурдагы депутаты Саиджафар Усмонзоданы 27 жылга эркинен ажыратты.
Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын лидеринин биринчи орун басары Шокиржон Хакимов жана Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Ахмадшох Комилзода менен Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров 18 жылга кесилди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин отставкадагы полковниги Нурамин Ганизода да 18 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз, талдоо жана тышкы саясатты пландаштыруу бөлүмүнүн мурдагы башчысы 17 жылга эркинен ажыратылды.
Мындан тышкары, сот Шокиржон Хакимовдун жээни журналист Рухшона Хакимованы 8 жылга эркинен ажыратты. Тажикстандын бийлиги аны мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптаган, бирок иштин деталдары ачык жарыяланган эмес.
"Озоди" журналистке кылмыш ишин козгоого анын Кытайдын Тажикстанга тийгизген таасири тууралуу макаласы себеп болгонун жазган. Рухшона Хакимова сот залында эле убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын эки кичинекей баласы, ( бири 8 айлык ымыркай) туугандарынын колуна өткөрүлүп берилди.
Сот жараяны тергөө абагында жабык өттү. Сот чечимине чейин айыпталуучулардын көбү коюлган айыптарды четке каккан.
“Төңкөрүш жасоо аракети” деп аталган кылмыш иши боюнча сот былтыр 14-ноябрда башталган. Соттолуучулардын жакындары сот залына киргизилбей, адвокаттар журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат. (AiA)
Шерине