Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин “орусиялык компаниялар Кыргызстанда кысымга кабылып жатканы” тууралуу билдирүүсү негизсиз болгонун айтты. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 5-февралдагы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Жанар Акаев Михаил Мишустиндин дооматы “Яндекс.Такси” ишканасына байланыштуу болушу мүмкүн экенин, бирок бул компания Кыргызстанда салыктан качканы далилденгенин кошумчалады.
“Яндекс.Такси” компаниясынын менежерлери орус өкмөтүнө бурмаланган, туура эмес маалыматтарды берип койгон болушу мүмкүн. Биринчиден, Кыргызстанда бизнес ак, кара, жашыл, кызыл деп бөлүнбөйт. Түркиядан, Орусиядан, Кытайдан же Жапониядан келеби, бардыгына бирдей мамиле болот. Мурдагыдай криминал жок. Салык мыйзамдарына баш ийип иштей бер деген тартип орногон. “Яндекс.Такси” боюнча бир нече депутат маселе көтөрдү. Ишкана бааны жасалма көтөргөнү аныкталган. Айдоочулардан дээрлик 21% чейин комиссия алып жатты. Экинчиден, салыкты жашырган. “Яндекс.Такси” дээрлик 100 млн сомдон ашык акчаны бюджетке төктү. Менин маалыматым боюнча булар дагы 5 млн доллар төлөшү керек эле. Ушундан качып чагымчылдык кылышты”, – деди ал.
Жанар Акаев буга чейин “Яндекс.Такси” компаниясы айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканын айтып, ишкана муну четке каккан. Компания Кыргызстанда сервисти пайдалануунун акысы 10% түзөрүн, ал эми Бишкекте жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп эсептегенде 17% ашпай турганын кабарлаган.
Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен 31-январда Алматыда жолукканда Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга “кысымын жана негизсиз дооматтарын” токтотушу керектигин талап кылган. Бул кыргыз коомчулугунда талкуу жаратып, “Орусиянын өкмөт башчысы Кыргызстандын өкмөтүнө көрсөтмө бере албасын” белгилеген пикирлер айтылган.
3-февралда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Михаил Мишустиндин орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу дооматына жооп берген. Ал коюлган дооматтарды четке кагып “Михаил Мишустин чарбалык маселеге саясий боек берип жибергенин” билдирген. (BTo)
Шерине