Кытай жооп иретинде АКШнын импортуна бажы алымдарын киргизди. Associated Press (AP) агенттиги кабарлагандай, муну менен катар Google компаниясынын кытайлык рыноктогу ишмердигин иликтөөгө киришти.
Эми 10-февралдан тарта Кошмо Штаттардан алынып келген көмүр менен суюлтулган газга 15%, чийки мунай, айыл чарба техникасына жана мотору күчтүү машиналарга 10% тариф киргизилет.
Кытай - суюлтулган газдын дүйнөдөгү эң ири импорттоочусу. Негизинен аны Австралия, Катар жана Малайзиядан алат. АКШ бул чийки заттын ири экспорттоочусу болгону менен, Кытайга анча көп сатпайт.
Мындан тышкары Бээжин жогорку технологиялык өндүрүштө колдонулган минералдардын экспортун көзөмөлдөп турмакчы. Вольфрам, висмут, молибден жана башкалар АКШда экономикалык жана улуттук коопсуздук үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет.
Ал эми Google монополияга каршы эрежелерди бузган деп шектелүүдө. Иликтөөнүн тарифтерге байланышы тууралуу айтылган жок, бирок ал тууралуу АКШнын бажы салыгы ишке киргенден көп өтпөй жарыяланды.
Корпорациянын Кытайдагы иши чектелген, анын издөө системасы бөгөттөлгөн. Google 2010-жылы Бээжин өкмөтүнүн цензура көрсөтмөсүнө баш ийбей койгондон кийин Кытайдан чыгып кеткен.
4-февралда АКШга Кытайдан ташылган товарларга кошумча 10% бажы алымын киргизүү тууралуу жарлык күчүнө кирди.
Тарифтер Канада жана Мексикага да киргизилмек, бирок президент Дональд Трамп ал өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшкөндөн кийин андай чара бир айга токтотулду.
АКШнын президенти жакынкы күндөрдө Кытайдын ппрезиденти Си Цзинпин менен сүйлөшүүнү пландап жатат.
Эки держава ортосунда 2018-жылы да соода согушу тутанган.
Шерине