Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Тажикстанда түрмөдө тополоң чыгып, үч киши каза болду


Тажикстандын Юстиция министрлиги Вахдат шаарындагы №3/2 абагында тополоң чыгып, жазасын өтөп жаткан үч адам каза болгонун, абактын үч кызматкери жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу 3-февралда “Азаттыктын” тажик кызматы жазып, редакцияга түрмөнүн короосунда беш адамдын сөөгү жаткан сүрөт келгенин билдирди. Azda TV телеканалы жети кишинин аты-жөнүн жарыялады.

Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө соттолгон адамдардын тобу "колдо жасалган бычак, кесе турган куралдары" менен түрмөнү кайтарган кызматкерлерге кол салганы айтылды. Маалыматта алар "абактан качуу үчүн кызматкерлерди өлтүрүүнү максат кылышканы" белгиленди.

"Кол салууда үч кызматкер оор жараат алышты. Алар курал колдонууга аргасыз болушкан. Натыйжада үч кылмышкер өлтүрүлүп, калгандары кармалды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат айтыла элек. Бийлик кол салган топто тогуз киши болгонун белгилеп, бирок ысымдарын жана алар качан, кандай шартта камалганын ачыктаган жок.

ИИМдеги булак "Вахдатка атайын операция өткөрүү үчүн атайын даярдыктагы топ жөнөтүлгөнүн" билдирген.

Оппозиция өкүлдөрү түрмөдө өлтүрүлгөндөрдүн саны расмий маалыматтагыдан көп экенин 3-февралда билдиришти.

Барымтадагыларды жана саясий туткундарды куткаруу боюнча Варшава жарандык комитети "Түрмөдөгү миңдеген адамдар, анын ичинде саясий туткундар кыйноого кабылып жатканын" айтып, адамдын ар-намысы менен укуктарын сактоого чакырды.

2019-жылы жарым жыл ичинде тажик түрмөлөрүндө эки жолу тополоң чыгып, 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында абак кызматкерлери да бар.

Алты жыл мурда Вахдат шаарындагы ушул эле абакта тополоң чыгып, үч кызматкер жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 29 киши каза болгон. Бийлик тополоңду экстремисттик топтор уюштурганын билдирген. Кийинчерээк жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюм өзүнө алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG