АКШнын президенти Дональд Трамп Канаданын товарларына бажы тарифтерин киргизүү мөөнөтүн бир айга токтотту. Бул чечим Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынды.
Жастин Трюдо Фейсбуктагы расмий баракчасына жазгандай, Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүүдө Канада чек арада коопсуздукту бекемдеп, жаңы тик учактарды, кошумча чек арачыларды тартып, фентанил баңгизатынын агымын токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү милдеттенмесин алды.
Чек ара күнү-түнү көзөмөлгө алынып, уюшкан кылмыштуулук, фентанил жана акча адалдоого каршы күрөшүү күчөтүлөрүн билдирди.
Дональд Трамп дүйшөмбүдө Мексиканын мамлекет башчысы Клаудия Шейнбаум менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин мексикалык товарга бажы тарифтерин киргизүүнү да бир айга токтоткон.
4-февралдан тарта Мексиканын жана Канаданын товарына 25% бажы тарифи киргизилмек. Кытайдын импортуна кошумча 10% каралган, ал күчүндө калды.
Вашингтон администрациясы мындай чара тууралуу 1-февралда жарыялаган.
Сырттан келген товарга тариф киргизүү Трамптын шайлоо алдындагы программасынын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон. Анын чечиминде белгиленгендей, аталган өлкөлөрдүн импорту АКШ экономикасынын маанилүү бөлүгү. Кошмо Штаттардын кара майды кайра иштетүүчү өнөр жай тармагынын болжол менен 20-25% Канаданын мунайын колдонот.
Жооп иретинде Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Кошмо Штаттардан импорттолгон товарга бажы тарифтери киргизиле турганын жарыялаган.
Дональд Трамп чечимине жогорудагы өлкөлөрдүн мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо жана фентанил сыяктуу баңгизаттардын Америкага киришин токтотуу боюнча убадаларын аткарбай жатканы себеп болгонун айткан.
Канада менен Мексика бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет. Кытай болсо Кошмо Штаттардын соңку чечимине каршы Дүйнөлүк соода уюмуна арыздана турганын билдирди.
Шерине