АКШнын президенти Дональд Трамп мексикалык товарга бажы тарифтерин киргизүүнү бир айга токтотту. Мындай чечим Мексиканын мамлекет башчысы Клаудия Шейнбаум менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынды.
Шейнбаум макулдашуу тууралуу маалыматты башыктады. Бул үчүн Мексика АКШ менен чек араны кайтарууга кошумча 10 миң аскер жөнөтмөй болду. Тараптардын пикиринде муну менен Кошмо Штаттарга багытталган маңзаттын жана мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотсо болот.
4-февралдан тарта Мексиканын товарына 25% бажы тарифи киргизилмек. Ушунча эле пайыздагы бажы салыгы Канада үчүн күчүндө калууда. Кытайдын импортуна кошумча 10% каралган.
Вашингтон администрациясы мындай чара тууралуу 1-февралда жарыялаган.
Сырттан келген товарга тариф киргизүү Трамптын шайлоо алдындагы программасынын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон.
Трамптын чечиминде белгиленгендей, аталган өлкөлөрдүн импорту АКШ экономикасынын маанилүү бөлүгү. Кошмо Штаттардын кара майды кайра иштетүүчү өнөр жай тармагынын болжол менен 20-25% Канаданын мунайын колдонот.
Жооп иретинде Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Кошмо Штаттардан импорттолгон товарга бажы тарифтери киргизиле турганын жарыялады.
Трюдо ишембинин кечинде билдиргендей, Американын 155 млрд Канада долларына бааланган товарларына 25% бажы алымдары киргизилет. Алардын ичинде азык-түлүк продукцияcы, алкоголдук ичимдиктер, кийим-кече жана турмуш-тиричилик техникасы бар. Тарифтердин алгачкы бөлүгү ушул шейшемби күнү күчүнө кирет.
Трамп чечимине жогорудагы өлкөлөрдүн мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо жана фентанил сыяктуу баңгизаттардын Америкага киришин токтотуу боюнча убадаларын аткарбай жатканы себеп болгонун айткан.
Канада менен Мексика бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет. Кытай болсо Кошмо Штаттардын соңку чечимине каршы Дүйнөлүк соода уюмуна арыздана турганын билдирди.
Шерине