Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Эркин Чечейбаев
Эркин Чечейбаев

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 3-февралда кол койду. «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды», - деп айтылат жарлыкта.

Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал 1974-жылы 16-ноябрда туулган. Буга чейин Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеген. Бишкектеги медициналык академияда жана Маастрихт университетинде билим алган.

3-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеткен. Ал мындай чечимди президент Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айтты.

Бейшеналиев 2023-жылы сентябрь айында экинчи жолу министрлик кызматка келген. Биринчи ирет 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Бейшеналиев 2022-жылы июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камалып, ошол эле жылдын 16-июнунда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Бул чуулуу иштерден кийин Бейшеналиев 2022-жылы 19-августта президент Жапаровдун жарлыгы менен саламаттык сактоо министринин кызматынан бошотулган.

Шерине

XS
SM
MD
LG