Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Маск дүйнөдөгү эң ири донор USAID жабыларын билдирди


Маск менен Трамп
Маск менен Трамп

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (United States Agency for International Development - USAID) кызмактерлери Вашингтондогу баш кеңсеге келбегиле деген көрсөтмө берилгенин AP агенттигине кабарлашты. Алардын айтымында, 600дөн ашуун киши түн ичинде агенттиктин компьютер системасынан ажыратылды.

Анын алдында федералдык чыгымдарды кайра карап чыгуу милдети жүктөлгөн Илон Маск президент Дональд Трамп менен маселени талкуулаганын, мамлекет башчы агенттикти жабууга макул болгонун билдирген.

Демократ мыйзам чыгаруучулар мындай кадамды сындап, Трамп Конгресстин макулдугусуз агенттикти жаба албасын айтып, Маск президент берген уруксат аркылуу өкмөттүк купуя маалыматтарга ээ болгонун айыпташты.

USAID дүйнөдөгү 120дай өлкөдө гуманитардык, өнүгүү жана коопсуздук тармактарында программаларды жүзөгө ашырып келген.

10 миндей киши иштеген агенттик дүйнөдөгү эң ири донор. 2023-жылы дүйнөнүн чар тарабындагы мамлекеттерге 72 млрд доллар жардам берген.

20-январда кызматка киришери менен Трамп "АКШнын тышкы жардамын кайра карап чыгуу жана уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол коюп, 90 күнгө тышкы каржылоону токтотуу чечими кабыл алынган. Бул аралыкта чет өлкөлөргө көрсөтүлүп жаткан каржылоонун натыйжалуулугу жана АКШнын кызыкчылыгына канчалык төп келери кайра каралып чыгары маалымдалган.

USAID акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстанга 800 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Каражат бизнести жана сооданы алдыга жылдыруу, билим берүүнү жана айыл чарбасын жакшыртуу, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен саламаттыкты сактоону бекемдөөгө сарпталган. Ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG