Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN Coin аттуу крипто-актив Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн 3-февралда "Азаттыкка" билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын март айынан бери "Бирик Туран" компаниясы MCN Coinди 12 млн сомдук камсыздалбаган виртуалдык крипто-актив катары каттатуу үчүн бир нече жолу кайрылган. Бирок Финкөзөмөл аталган MCN Coin Кыргызстандын "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамынын талаптарына дал келбегенин айтып, каттоодон баш тарткан.
Мындан улам Финкөзөмөл Ички иштер министрлигине (ИИМ) бир нече жолу кат жазып, MCN Coin уюштуруучуларынын аракетине юридикалык баа берүүнү суранган. Буга Бишкектин Октябрь райондук милициясы жооп берип, териштирүү жүрүп жатканын билдирген.
Ошондой эле MCN Coin боюнча маалымат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилген.
Ички иштер министрлиги MCN Coin боюнча азырынча маалымат жок экенин "Азаттыкка" билдирди.
Соңку мезгилде социалдык тармактарда MCN Coin тууралуу видеолор тарап жатат. Анда бир жаран MCN coin деген криптовалюта пайда болгонун айтып, аны азыр аз суммага сатып алган жарандар бир жылда эле миллиондогон акча табарын убада кылып жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Кыргызстанда TYVCoin, TolkCoin деген криптовалюталар пайда болуп, ага үйүн, унаасын сатып, акча салып, алданганын айткандар болгон.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев криптовалюта менен байланышкан жаңы алдамчылык түрү пайда болгонун айтып, сак болууга чакырган. (MKt)
Шерине