АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп жатканын, ал эми анын администрациясы эки өлкө менен, башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын 3-февралда “Азаттыктын” украин кызматы жазды.
“Ар кыл тараптар, анын ичинде Украина жана Орусия менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр пландалууда. Дискуссия жетишерлик жакшы жүрүп жатат деген ойдомун”, - деген Трамп андан башка деталдарды айткан жок.
Андан бир нече саат мурдараак Дональд Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Кит Келлогг эгер эки тарап тең согушту токтотуу келишимине жетишүүгө үмүттөнүп жатса шарттарга макул болушу керек экенин эскерткен.
Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин айткан. Бирок Кремль Вашингтондон азырынча эч кандай конкреттүү сунуш боло электигин билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Associated Press агенттигине курган маегинде согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү расмий Киевсиз өткөрүүнү кооптуу идея деп атаган.
Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.
Владимир Зеленский муну ультиматум деп атап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган. (BTo)
Шерине