Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Кошмо Штаттардан импорттолгон товарларга бажы тарифтери киргизиле турганын жарыялады. Бул чаралар АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын 1-февралда Канада менен Мексикадан келген товарларга 25% бажы алымдарын киргизген чечимине жооп катары кабыл алынды.
Трюдо ишембинин кечинде билдиргендей, Американын 155 миллиард Канада долларына бааланган товарларына 25 пайыздык бажы алымдары киргизилет. Алардын ичинде азык-түлүк продукциялары, алкоголдук ичимдиктер, кийим-кече жана турмуш-тиричилик техникасы бар. Тарифтердин алгачкы бөлүгү ушул шейшемби күнү күчүнө кирет.
Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум да өлкөнүн экономика министрине АКШга каршы "курамына тарифтик жана тарифтик эмес чараларды камтыган планды" иштеп чыгууну тапшырганын X платформасына жазды. Бирок кандай чара көрүлө турганын тактаган жок.
Американын жаңы ишке киришкен президенти Дональд Трамптын ишембидеги чечими менен Канададан жана Мексикадан импорттолгон бир топ товарларга 25 пайыздык бажы тарифтери киргизилди. Мындан тышкары Кытайдан АКШга ташылган товарларга да буга чейинки тарифтердин үстүнө дагы 10 пайыздык бажы алымы кошулду.
Трамп бул чечимге жогорудагы өлкөлөрдүн мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо жана фентанил сыяктуу баңгизаттардын Америкага киришин токтотуу боюнча убадаларын аткарбай жатканы себеп болгонун айткан.
Канада менен Мексика бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет. Кытай болсо Кошмо Штаттардын соңку чечимине каршы Дүйнөлүк соода уюмуна арыздана турганын билдирди.
Шерине