Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:07

Украина: Орусиянын Суджадагы соккусу төрт кишинин өмүрүн алды


Орусиянын Курс облусу.
Орусиянын Курс облусу.

Украин аскерлеринин билдиришинче, орус армиясы ишемби күнү кечинде Курск облусунун Суджа шаарындагы мектеп интернатынын имаратына сокку урду. Имарат өткөн жылдын август айынан бери украин армиясынын көзөмөлүндө турган. Орусиянын Коргоо министрлиги соккуга украин аскерлерин айыптоодо.

Башкарылма авиабомба менен урулган сокку тууралуу алгач Суджада иштеп жаткан украин комендатурасы, андан кийин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн (ВСУ) Башкы штабы кабар таркатты. Сокку маалында имаратта эвакуацияга камынып жаткан жай тургундар болгону айтылат.

Ишембинин кечинде Украина армиясынын Башкы штабы Суджадагы соккудан 4 киши курман болгонун, төртөө оор жарадар экенин жана 84 жабырлануучу канааттандырарлык абалда экенин кабарлады. Жеринде издөө-куткаруу иштери уланууда.

Мурдараак украин комендатурасынын өкүлү интернаттын имаратында 95 киши болгонун, негизинен кары-картаңдар жана майыптар экенин, алардын көпчүлүгү урандынын астында калышканын билдирген.

Башкы штаб имаратта ондогон адамдар, алардын ичинде аялдар жана балдар бар экенин билдирүүдө. Соккунун кесепеттерин көрсөткөн видеону дагы жарыялашты. Музыка менен коштолгон видеодо мектеп-интернаттын жарым-жартылай бузулган имаратынын сүрөттөрү көрүнөт.

Башкы штабдын маалыматында Суджадагы интернатка урулган сокку “орус бийлигинин жайкын калкка каршы кезектеги аскердик кылмышы” деп аталган.

Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече сааттан кийин Суджадагы окуя боюнча өзүнүн маалыматын чыгарды. Мекеме интернатка урулган соккуну ырастап, бирок аны украин аскерлери жасаганын билдирди. Соккунун максаты чагым жасоо деп аталган. “Сумы облусунан душман ракета учурганын орус абага каршы коргонуу каражаттары байкаганы” айтылат. Мурдараак ушундай эле маалыматтар Орусиянын бир катар аскердик телеграм-каналдарында да пайда болгон. Украина тарап сыяктуу эле, Орусиянын Коргоо министрлиги дагы окуяны аскердик кылмыш деп атоодо.

Согуштан жана Суджада байланыштын жоктугунан улам тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес. Тараптар буга чейин да бири-бирин жарандык жайларга максаттуу сокку урууга айыптап келишкен. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG