Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) жума күнү “Хезболла” уюмунун Бекаа өрөөнүндөгү жана Сирия-Ливан чек арасындагы бир нече жайына сокку урганын билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, курал-жарак жасалган жертөлөлөр, Ливанга багытталган аткезчиликтин башка жолдору бутага алынды.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бекаа өрөөнүндө Израилдин соккусунан эки киши каза болгонун, 10 киши жаракат алганын билдирди.
Бейшембиде Израил “Хезболла” тараптан учурулган көзөмөл дронун колго түшүргөнүн айтып, муну “ок атууну токтотуу келишимин одоно бузуу” деп атады.
“Хезболла” менен Израил өткөн ноябрда жарашууга жетишип, 2023-жылы Газа тилкесинде башталган согуштан бери уланып келаткан жаңжалга чекит коюлган. Өткөн жекшембиде АКШ израилдик аскерлер 60 күндүн ичинде Ливандан чыгарылууга тийиш деген шарт 18-февралга чейин узартылганын бышыктаган. Ага чейин аскерлер 26-январда чыгып бүтүшү керек деп макулдашылган.
Ок атышууну токтотуу келишими узартылгандан бери Израиль Ливандын аймагына бир нече жолу сокку урду. Маалыматка караганда, натыйжада 100 киши каза тапты жана жарадар болду.
Келишим түзүлгөндө Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын октябрынан бери бул өлкөдө кеминде 3799 адам Израиль менен "Хезболланын" тирешинин курмандыгы болгонун кабарлаган.
Израиль 82 аскер кызматкеринен жана 47 жайкын тургунунан ажыраганын билдирген.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Шерине