Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат. Бул тууралуу 31-январда Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын президенттин четтен келген унааларды легалдаштыруу боюнча жарлыгынын аткарылышы талкууланган жыйынында маалым болду.
Жыйынга министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып, депутаттарга абхаз, армян номурлуу унааларды легалдаштыруу боюнча мекеме аралык жумуш тобунун мүчөлөрү маалымат беришти.
“Оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу жарыялангандан кийин аларды өлкөгө алып келүү аракети көрүлүүдө. Президенттин жарлыгы карапайым элдин унааларын легалдаштырууга багытталган. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул жылдын 1-мартынан тартып легалдаштыруу жараяны башталары тууралуу маалымат беришти. Биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат", - деди фракциянын лидери Марлен Маматалиев мамлекеттик мекемелерден алган маалыматка таянып.
Ал учурда мыйзамсыз жүргөн унааларга рейддер уланып жатканын айтып, Абхазиядан, Армениядан мыйзамсыз алынып келген унааларды айдабай турууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров былтыр 31-декабрда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.
Документке ылайык, биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Экономика жана коммерция министрлиги бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн жумуш тобун түзүп, иш алып барып жатканын 23-январда маалымдаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (TAb)
Шерине