Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Жалаа жабууга жана мазактоого айып салган мыйзамга кол коюлду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезитинин 31-январдагы санына жарыялангандай, документке 27-январда кол коюлган жана ал он күндөн кийин күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш бул документти былтыр 19-декабрдагы жыйынында үчүнчү окууда кабыл алган.

Эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.

Документтин баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чече турганы жазылган. Ошондой эле жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилери белгиленген.

Бул коомчулукта нааразылык жаратып, кийин айып пул азайтылган жана арыздарды карай турган орган алмашкан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келишет. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG