Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

ХАМАС сегиз туткунду бошотту, Израил түрмөдөгү палестиндерди кое бере элек


Хамасчылар израилдик туткун Арбел Ягудду Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берүү үчүн жетелеп баратышат. 30-январь, 2025-жыл. Газа тилкеси.
Хамасчылар израилдик туткун Арбел Ягудду Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берүү үчүн жетелеп баратышат. 30-январь, 2025-жыл. Газа тилкеси.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) 30-январда Кызыл Чырым уюмуна үч израилдик туткунду жана Тайланддын беш жаранын өткөрүп берди. ЦАХАЛ алар Израил тарапка өткөнүн ырастады.

Ушул эле күнү бир нече саат мурда согушкерлер барымтадагы израилдик 20 жаштагы аскер Агам Бергерди бошоткон.

Бул үчүн Израил өз түрмөлөрүндөгү 110 палестинди кое бермек. Алардын отузу өмүр бою эркинен ажыратылгандар.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху хамасчылар туткундарды Кызыл Чырымга кандай жагдайда өткөрүп бергени аны таң калтырганын айтты. Ал кийинки туткундарды коопсуз шартта бошотуу боюнча кепилдик берилмейинче, палестиндер бошотулбастыгын билдирди.

ХАМАС ок атышууну токтотуу боюнча ортомчуларды кырдаалга кийлигишүүгө чакырды. Согушкерлер соңку жети адамды уюмдун жок кылынган лидери Яхья Синвардын үйүнүн алдынан бошотушкан. Бул маалда ал жерде миңдеген адам топтолуп, туткундарга басым кылып турушту.

ХАМАСтын кол салуусу маалында ондогон чет элдик жумушчулар да барымтага алынган. Тайланддын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын октябрь айындагы согушкерлердин чабуулу маалында 31 тайланддык уурдалган. Израилде Тайланддын 30 миңдей жараны жашайт. Алар негизинен дыйкан чарбаларда эмгектенишет.

Макулдашуунун биринчи баскычында ХАМАС жалпы 33 адамды эркиндикке чыгарышы керек. 27-январга чейин алардын жетөө мекенине жеткирилди. Израил буга жооп катары алты апта ичинде түрмөлөрүндөгү 200дөй палестинди бошотот.

  • Согушкерлер Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
  • Хамасчылардан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG