Швецияда мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөгөн акцияларды уюштуруп келген ирактык качкын Салван Момиканы 29-январда атып кетишти.
38 жаштагы Момика Седерталье шаарында киши колдуу болду. Ага кол салуу болгон күнү бир нече сааттан кийин "улуттук жана этностук топторго каршы кыянаттыкка барган" деген негизде козголгон кылмыш иши боюнча сот өкүм чыгармак. Бул тууралуу швециялык SVT телеканалы кабарлады. Полиция Момиканын өлүмү боюнча иликтөө ишин баштады.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Момиканы ал ТикТок социалдык тармагы аркылуу түз обого чыгып жаткан маалда атып кетишкен.
Салван Момика Швецияга 2018-жылы келген. Ырасталган маалыматка караганда, 2021-жылы ал үч жылга Швецияда расмий жашоого уруксат алган.
France24 басылмасы жазгандай, Момика бардык социалдык тармактарда, өзгөчө ТикТок менен Фейсбукта активдүү эле. Бардык аккаунттар Швецияда качкын макамын алгандан кийин ачылган.
Ал өзүн атеист деп атап, Ислам каршы кескин билдирүүлөрдү жасап келген. 2023-жылы Куран китепти өрттөгөн бир нече акция уюштурган. Анын мындай кылыгы ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык толкунун жараткан. Ал эми радикал исламчылар теракт уюштуруп, өч аларын эскертишкен.
Швеция бийлиги 2023-жылы Момиканы депортациялоо чечимин кабыл алышат. Буга анын качкын макамын алып жаткан маалда жалган маалымат бергени негиз болгон. Анткен менен кийин ал мекенинде кыйноого жана адамгерчиликсиз мамилеге кабылышы мүмкүн деген жүйө менен Швециядан чыгарылган эмес. Алтургай анын качкын макамы дагы үч жылга узартылган.
Шерине