Жогорку сот Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун ишин 25-февралда карайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокат Нурсултан Жаныбеков 30-январда билдирди.
"Адвокат Улан Сейитбеков экөөбүз жазган кассациялык даттанууларыбызды Жогорку сот 25-февралда саат 10:30да карай турган болду", - деди Жаныбеков.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.
Мындан кийин Азамат Ишенбеков Бишкектеги ТИЗО-1 тергөө абагынан жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка, Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына жөнөтүлгөн.
Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.
Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт? айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист былтыр январь айында кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.
Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр түрдө үндөгөнү” айтылган.
Соттолгондор өзүлөрү айыпты четке кагышкан.
Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (MKt)
Шерине