Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Украинанын Сумы шаарында дрон соккусу төрт кишинин өмүрүн алды


Орус армиясынын Украинанын Сумы облусуна жасалган дрон чабуулунун кесепети. 30-январь, 2025-жыл.
Орус армиясынын Украинанын Сумы облусуна жасалган дрон чабуулунун кесепети. 30-январь, 2025-жыл.

Орус армиясы 30-январга караган түнү Украинанын Сумы шаарына жасаган аба чабуулу маалында дрондордун бири көп кабаттуу үйгө тийип, төрт кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Урандылардын алдынан адамдарды издөө иштери уланууда. Тогуз киши жараат алганын куткаруучулар кабарлашты. Алардын арасында жети жаштагы тестиер жана 18 жаштагы жигит бар. Алардын бири оор абалда.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлагандай, дрон тогуз кабат үйгө тийген. Анын жыйынтыгында тогуз батир талкаланган. Жалпысынан 118 киши коопсуз жакка көчүрүлдү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сумыдагы соккуну "үрөй учурган трагедия жана кылмыш" деп атап, өнөктөш мамлекеттерди "Орусияга тынымсыз басым жасоого" чакырды.

Ошол эле маалда орус армиясы Дунай дарыясындагы украин портторуна кайрадан чабуул кое баштаганы кабарланды. "Одесса INFO" телеграм-каналы Измаил портунун айланасында жардыруулардын үнү угулганын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундардын өлүмү тууралуу же үн катпайт же украиндердин абадан коргонуу системасына шылтап коет.

Шерине

XS
SM
MD
LG