Дүйшөмбүдө экс-тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана күч түзүмдөрүнүн отставкадагы жетекчилери баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар жана журналист “мамлекеттик төңкөрүш жасоого” айыпталууда. Сот жараяндары жабык өтүп жатат. Айыптоочу тарап аларды 23 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды.
"Озоди" радиосу иштеги фигуранттардын бири - Социал-демократ партиясынын төрагасынын орун басары Шакиржон Хакимов экенин жазды. Тажик бийлиги анын жээни, журналист Рухшона Хакимовага каршы кылмыш ишин козгоп, сот иши жүрүп жатат. Прокурор соттук териштирүүдө Хакимованы 17 жылга эркинен ажыратууну суранды.
"Озоди" кылмыш ишин козгоого журналисттин Кытайдын Тажикстанга тийгизген таасири тууралуу материалы себеп болгонун жазды. Хакимовага кандай айып тагылганы так белгисиз, анын ишине "жашыруун" деген гриф коюлган.
Хакимова эмчектеги баласы бар болгондугуна байланыштуу соттук териштирүү учурунда камакка алынган эмес. Ал жашаган жеринен чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.
Ал Тажикстан улуттук университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү. Тажикстандын Журналисттик изилдөөлөр борборунда, "Тажик жаштары" басылмасында жана айрым журналисттик уюмдарда иштеген.
Журналисттер жогорудагы кылмыш иши боюнча сот отурумдарына айыпталуучулардын жакындары, медиа өкүлдөрү киргизилбей жатканын жазышты.
"Мамлекеттик төңкөрүш жасоого” айыпталгандар боюнча сот отурумдары убактылуу кармоочу жайда өтүп жатат. (AiA)
Шерине