Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Украинада Орусиянын соккусунан эки аял каза болду


Орусиянын чабуулуна кабылган Николаев. Архивдик сүрөт.
Орусиянын чабуулуна кабылган Николаев. Архивдик сүрөт.

29-январга караган түнү Орусиянын Украинанын Николаев шаарына жасаган ракеталык чабуулунан эки адам набыт болгонун облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.

"Тилекке каршы, Орусиянын чабуулунан эки аял каза болду. Алар ишкананын кызматкерлери. Орусия–террорчулардын өлкөсү", — деп жазды ал Телеграмдагы баракчасына.

Маалыматка караганда, 28-январда кечкисин шаарда жарылуу болуп жатканы угулган. Жергиликтүү тургундар шаардагы ишканалардын бири аткылоого туш болгонун билдиришкен.

Орус аскерлери Украинанын аймактарына ар кандай курал-жарак менен чабуулдарын улантууда.

Орусия кеңири масштабдагы согуш ачып, Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык мекемелерин талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканын четке кагып келет.

Согуш жүрүп жаткан жерлерден түшкөн маалыматты ыкчам түрдө көз карандысыз тараптардан тастыктоо мүмкүн эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG