Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө ар кандай интернет шылуундар күч алганын, алданган жарандар депутаттарга көп кайрылып жатканын билдирди. 29-январда парламенттин жалпы жыйынында Бекешев Ички иштер министрлиги (ИИМ) интернет шылуундарга ыкчам чара көрүп, тергөөчүлөрдү заманбап технологияларга үйрөтүү зарылдыгын белгиледи.
“Арыздар абдан көп, Ички иштер министрлиги тергөөчүлөрдү жаңы технологияларга окутушу керек. Алар арызды күтпөй социалдык тармактарга видео чыкканда эле иштеп башташы керек. Алдын алуу керек. Бизде, тилекке каршы, жарандар алданып, анан арыз жазгандан кийин иштеп башташат”, - деди депутат.
Буга чейин Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Мелс Аттокуров ай сайын жарандардан шылуундарга алданганы тууралуу 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирген.
Тиешелүү мамлекеттик органдар, банктар интернет колдонуучулар, жарандар сак болушу керектигин, шектүү шилтемелерди ачпоо, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет.
ИИМ соңку учурда социалдык тармактарда "инвестициялык долбоорго каражат сал" деген чакырыктар аркылуу да жарандардын акчасын уурдап алган учурлар катталып жатканын белгилеп, мындай аракеттерден этият болууга чакырат.
Шылуундар социалдык тармактардын мессенжерлерин, жарнама жайгаштырган сайттарды, жаңы телефон номурларды колдонушат. (TSh)
Шерине