Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич студенттердин бир нече аптага созулган нааразылык акцияларынан кийин кызматтан кетти. Бул тууралуу ал 28-январда маалымат жыйынында билдирди.
"Бүгүн эртең менен мен президент менен көпкө сүйлөшүп, ал менин чечимимди, аргументтеримди кабыл алды", - деди Вучевич. Өкмөт башчы Сербияда эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан массалык нааразылык акциялары “чет өлкөдөн уюштурулган” деп эсептейт.
"Кайсы бир күчтөр бул окуяны курчутуп, коомчулукта чыңалууну жараткандай", - деди Вучевич.
Белградда жана өлкөнүн бир катар башка шаарларындагы жапырт нааразылык акцияларга Сербиянын түндүгүндөгү Нови-Сад шаарындагы кырсык түрткү болгон.
1-ноябрда автобекеттин чатыры кулап, 15 адамдын өмүрү кыйылган.
Студенттер адегенде кырсыктын тыкыр иликтенишин жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылышкан. Кийин алар бийликтин көңүл кош мамилесине нааразы болуп, өкмөттү таркатууга жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакыра башташты.
27-январда Сербиянын баш калаасы Белградда студенттер маанилүү кан жолдордун бирин тороду. Ушул эле күнү Сербиянын президенти Александр Вучич маалымат жыйынында демонстранттарды диалогго чакырды. Ал нааразылык акциясында камакка алынгандарды кечирүүгө даяр экенин айтып, студенттер менен профессорлорго кол салгандарга карата кылмыш иши козголгонун жарыялады.
Студенттерди оппозиция активисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү колдоп жатат. Алар Нови-Саддагы кырсыкка бийликтеги жемкорлук жана шалаакылык себеп деген көз карашта.
Декабрдан бери төрт мамлекеттик университеттин 50дөн ашуун факультетинде жана ондогон мектептерде окуу токтоп турат. (AiA)
Шерине