Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

АКШ качкындар программасы боюнча арыз кабыл алууну токтото турууну чечти


АКШ президенти Дональд Трамп алгачкы жарлыктарга кол коюп жатат. 20-январь, 2025-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп алгачкы жарлыктарга кол коюп жатат. 20-январь, 2025-жыл.

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы качкындарды кабыл алуу программасын токтото турууну чечкенин жарыялады. Президент Трамптын жарлыгында арыздарды кайра кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ал үчүн ар 90 күн сайын Улуттук коопсуздук боюнча катчы президентке программанын кайра жанданышы өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келбегендиги тууралуу отчет берип турушу зарыл.

"Азаттыктын" украин кызматы бул чечим согуштан качкан украиндерге жардам көрсөткөн United for Ukraine (U4U) программасына да тиешелүү экенин жазды. "2025-жылдын 20-январындагы "Чек араларыбызды коргоо" буйругунун алкагында АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы I-134A формасын, онлайн жардам суроо жана каржылык колдоо декларациясын кабыл алууну токтотот", - деп айтылат агенттиктин сайтында.

"Азаттыктын" украин кызматынын сайтында арыз кабыл алуу буга чейин түшкөн арыздар каралып чыкканга чейин токтотулганы, чечим жалгыз гана украиналыктарга байланыштуу эмес экени, I-134A формасы кайрылгандардын баарынан эле кабыл алынбай калганы маалымдалды. Анда белгиленгендей, 2023-жылдын мартына карата АКШга U4U программасы менен 118 миңден ашык украиналык барган. Ошондой эле 2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачканда 25 миңдей украиналык жаран АКШга Мексика аркылуу кирген.

25-январда The New York Times гезити АКШнын Ички коопсуздук министрлиги U4U программасын токтотконун жана ал боюнча башпаанек сураган арыздар азырынча каралбай турганын жазган.

Кошмо Штаттардын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйрукка кол коюп, Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.

Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн. Мисалы, Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизген жарлыгында өлкөнүн “суверендүүлүгү коркунучта” экенин белгиленген. Кошмо Штаттардын түштүктөгү чек арасын картелдерге, кылмыштуу, жада калса террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганын, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген маңзат кирип жатканын билдирген.

Чек аранын коопсуздугун жакшыртат деген дагы бир жарлыкта “АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар, тыңчылар, трансулуттук кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана ниети бузук кастык маанайдагы тараптар бар” экени жазылган.

Ошондой эле Трамптын жарлыктарында ар бир өлкө чек арадан өтүп жаткан жарандарды тыкыр текшерүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG