Президент Садыр Жапаров 28-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара кандай шартта чечилгенин жана качан толук бүтөрүн айтып берди.
Кабарчы Баткендин тургундары чек ара такталганын угуп, үйүнө кайтып жатканы тууралуу “Азаттык” радиосунда чыккан баянды мисал келтирип, президентке суроо узаткан. Ага жооп берген мамлекет башчы чек араны тактоо иштери дээрлик бүткөнүн, азыр кагаз иштери жүрүп жатканын, ал даяр болсо өкмөттүк комиссиялар кол коюп, андан соң парламенттер ратификация кылып, президенттер жактырарын билдирди.
"Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик. “Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду. Андан сырткары чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат”, – деди президент.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо соңку жылдары өтө татаалдашып, 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка да алып келди. Бул окуялардан соң Бишкек чек арасын бир тараптуу жаап, ошондон кийин гана тактоо иштери алдыга жылды.
Былтыр декабрь айынын башында Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасын тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган.
Ташиев Жогорку Кеңеште учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламентке жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.
Расмий Дүйшөмбү коңшу өлкө менен чек араны тактоо иштери аяктаганы тууралуу кандайдыр бир комментарий бере элек. Тажик маалымат каражаттары негизинен бул кабарды кыргыз тарапка эле шилтеме кылып жазышат. (ErN)
Шерине