Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды жарым жылга узартат 


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жарым жылга узартат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Рикард Йозвяк жазды. Санкциялардын мөөнөтү 31-январда аяктамак.

Буга чейин санкциялардын узартылышына Венгрия каршы болуп келген. Будапештти көндүрүү үчүн Евробиримдиктин өкүлдөрү шаркеттин энергетикалык коопсуздугу тууралуу билдирүүнү жактырууга макул болушту. Тактап айтканда, Евробиримдик Киевден Украинанын аймагы аркылуу орус газын жана мунайын өткөрүүгө уруксат берүүнү суранат.

Киевдин орус газынын транзитин 1-январдан тартып токтотуу чечими Венгрия менен Словакиянын кыжырын келтирген.

Азыркы эрежелерге ылайык, Евробиримдик ар бир жарым жыл сайын санкцияларды узартууда. Бул үчүн шаркетке мүчө 27 мамлекет тең макулдук бериши абзел.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 27-январда Сирияга салынган санкцияларды да талкуулашат. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барронун айтканына караганда, талкуунун жыйынтыгында санкциялардын айрымдардын алуу чечими кабыл алынышы мүмкүн. Ошону менен катар расмий Париж Иранда француз жарандарынын камалышына байланыштуу Тегеранга санкцияларды катаалдатууну сунуштары күтүлүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG