Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:55

FFE уюму Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Беларустагы шайлоодо байкоочу болгонун сынга алды


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Мейкинбек Абдалиев, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларуста. БШК тараткан сүрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Мейкинбек Абдалиев, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларуста. БШК тараткан сүрөт.

Баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоону “кожо көрсүн процесс” деп атап, ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптаган билдирүү таратты.

КМШнын жана ШКУнун байкоочулар миссияларынын курамында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Мейкинбек Абдалиев жана БШК аппаратынын кызматкерлери Беларуста өткөн шайлоого байкоо салганы барышкан. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар да Минскиде болушту.

“Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусу адилеттүүлүк же демократиялык принциптерден кур-жалак калган шайлоо процессине болбогон жерден легитимдүүлүк түзүп берүүдө. […] Алардын катышуусу чыныгы атаандаштык жок, оппозициялык добуштарды жапырт коркутуу жана негизги укуктарды басмырлоо менен өткөн жараянды актоо катары кызмат кылууда. Freedom For Eurasia Кыргызстандын аталган кызмат адамдарынын Беларустагы шайлоого катышуусун демократиялык принциптерге жана эл аралык нормаларга кайдыгерлик деп эсептейт. […] FFE демократиялык өлкөлөрдү Кыргызстандын аталган кызмат адамдарына санкция салууга чакырат”, – деп айтылат эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.

Freedom For Eurasia уюму өз маалыматында “мындай аракет алардын авторитардык режимди колдогону үчүн жаза болуп калат” жана “эл аралык коомчулук демократияга жатпаган шайлоолорду колдоонун арты олуттуу кесепеттерге алып келерин билдириши керек” деп кошумчалаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жана Беларуска барган Жогорку Кеңештин депутаттары эл аралык уюмдун билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Беларуста 26-январда президенттик шайлоо өттү. Добуш берүүгө КМШнын байкоочулары гана көз салды.

“Азаттыктын” беларус кызматы экзитполдун алдын ала жыйынтыгына таянып, жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышкан Александр Лукашенко 87,6% добуш алганын кабарлады.

Лукашенкодон тышкары бюллетенге дагы 4 талапкердин ысымы киргизилген. Алардын үчөө Лукашенкого ыктаган саясатчылар.

Еврошаркет жана Батыштын бир топ өлкөлөрү 2020-жылдагы шайлоодон кийин Лукашенко легитимдүүлүгүн жоготкон деп эсептешет. Өнөктүктүн жыйынтыгы бурмаланганына каршы ири акциялар бир нече айга уланып, алардын катышуучулары аёосуз куугунтукка кабылган. Репрессиялар азыркыга чейин уланып келатат. Бир катар батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG