Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Беларуста президенттик шайлоо башталды, бюллетенди сүрөткө тартууга тыюу салынды


Минск.
Минск.

Беларуста бүгүн, 26-январда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар.

Шайлоо участкалары эртең мененки саат 8:00дө ачылып, шайлоочулар кечки 20:00гө чейин добуш беришет. Шайлоочуларга “майрамдык маанай” түзүү тапшырмасы берилип, аларга дасторкон жайылып, белек берилип жатканын “Азаттыктын” беларус кызматы жазды.

Коопсуздук күчтөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун коргоо максатында бардык тилкелерди күнү-түнү нөөмөт менен кайтарууда. Комиссия мүчөлөрүнүн аттары жашыруун сакталып, аны ачык жарыялаган БелПол (күч түзүмдөрүндө мурда иштегендердин уюуму) уюмуна кылмыш иши козголгон.

Бюллетенди тартууга тыюу салынып, талапты аткарбагандар административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилген. (2020-жылы бийликтин оппоненттери добуш берүүдөгү мыйзам бузуу, добуштарды жасалмалоону сүрөткө тартылып алынган бюллетендер аркылуу далилдеген).

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу алдын ала добуш бергендер рекорддук санга жеткенин билдирди.

БШКнын маалыматында, 21-25-январь күндөрү өткөн алдын ала добуш берүүдө 41,81% шайлоочу добуш берген.

Укук коргоочулар жана байкоочулар алдын ала добуш берүү шайлоону бурмалоонун механизмдеринин бири экенин белгилешет. БШК мындай дооматтарды четке кагып келет.

Беларус президенттин шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө тилкелер ачылган жок. Башка мамлекетте жашап жаткан беларустар добуш берүү үчүн өлкөгө келиши керек. Алар үчүн облустук борборлорунда алты тилке уюштурулган. БШК 52 киши добуш бергенин кабарлады.

Чет мамлекеттердеги беларус диаспорасы бул күнү өздөрү жашап жаткан өлкөлөрдө акция уюштурарын айтышкан. Мындай акциялар Варшава, Вильнюс, Прагада өтөт.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат.

Шерине

XS
SM
MD
LG