Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Журналисттер Орусия Украинада 90 миңдей аскерин жоготконун аныкташты


2022-жылы Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери набыт болгон орус жоокерлери, Феодосия, 2024-жыл
2022-жылы Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери набыт болгон орус жоокерлери, Феодосия, 2024-жыл

Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасынын журналисттери ыктыярчылар менен бирге ачык булактарга таянып, Украинада кеминде 90 миң орусиялык аскер набыт болгонун аныкташты. Алардын эки миңдейи соңку эки жумада каза тапкан. Анализдерге караганда, каза болгондордун орто курагы 36 жашты түзөт.

Алардын көбү Орусиянын Башкырстан аймагынан кеткендер. Бийлик жана жергиликтүү маалымат каражаттары бул республикадан жалпы 3932 адам Украинадагы согушта набыт болгонун кабарлашкан. Андан тышкары журналисттер 2023-жылдын октябрь айынан баштап өз ыктыяры менен баргандардын арасында жоготуулар көбөйө баштаганын аныкташкан. Ошону менен катар түрмөдөн азгырылып баргандардын арасында каза болгондор кескин кыскарган. Муну журналисттер орус бийлиги шектүүлөрдү соттолгуча эле фронтко айдап баштаганы менен түшүндүрөт.

Журналисттер жоготуулардын реалдуу саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Орусиянын бийлиги фронтто набыт болгон аскерлери тууралуу расмий эч качан маалымат бербейт. Украинанын президенти Владимир Зеленский 2024-жылдын февралында Киев согушта 31 миңдей аскеринен айрылганын билдирген. UALosses долбоору ачык булактарга таянып, Украинанын жоготуулары 40 миңден ашканын маалымдаган.

АКШ президенти Дональд Трамп согушта Орусия миллионго жакын, ал эми Украина 70 миңдей жоокерин жоготконун билдирген. Ал бул сандарды кайсы булактан алганын айткан эмес.

"Азаттык" Украинадагы согушта 50дөн көп теги кыргызстандык набыт болгонун аныктаган. Бул сан дагы алда канча көп болушу мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG