Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын жаңы кызматка киришкен мамлекет башчысы Дональд Трамп менен сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 24-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Путин даяр. Биз белги берилишин күтүп жатабыз. Баары даяр. Бул жерде кофенин тунмасына карап бир нерсе айтыш кыйын. Эгер кандайдыр бир маалымат болсо бөлүшөбүз", - деди Песков.
Ал ошондой эле орус-украин согушунун жүрүшү "мунайга болгон дүйнөлүк баадан" көз каранды эмес экенин кошумчалады. Маалымат катчы "согуш Орусия Федерациясына болгон улуттук коркунучтан улам жүрүп жататканын" айтты.
23-январда Трамп негизги мунай өндүрүүчүлөрүн, өзгөчө Сауд Арабиясын менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондун (мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бирикмеси)согушту токтотуу үчүн өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды төмөндөтүүгө чакырган.
"Сауд Арабиясынан жана ОПЕКтен мунайдын баасын арзандатууну суранам. Бааны арзандатуу керек! Эгер мунай баасы түшсө Орусия менен Украинанын согушу тез арада токтойт", - деди Трамп.
АКШнын президенти чукул арада Украинадагы согушту токтотууга убада кылып келет. Ал бул үчүн жакын арада Орусиянын президенти менен сүйлөшөрүн билдирген. Трамп ошондой эле эгер Москва сүйлөшүүлөргө барбаса болуп көрбөгөндөй санкцияларды саларын эскерткен.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында ар тараптан басып кирип, масштабдуу согуш ачкан.
Шерине