2024-жылы кеминде 45 орусиялык журналист кылмыш иштеринин фигуранты болду. Бул 2023-жылга (23 журналист) салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Бул тууралуу Орусиядагы "ЖМК укуктарын коргоо борбору" фондунун докладында белгиленди.
Укук коргоочулардын белгилешинче, маалымат каражаттардын айрым өкүлдөрүнө бир нече кылмыш иши козголгон.
Козголгон иштердин көбү "чет элдик агент" беренесинде белгиленген милдеттенмелерди аткарбоого (16) байланыштуу. Кийинки орунда аскерий "жалган" маалымат таратууга (10) жана "экстремисттик" бирикмелерге кошулууга (8) айыпталгандар.
Ошондой эле айрым журналисттер опузалоого байланыштуу, Орусия армиясын "дискредитациялоо", бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу, "жагымсыз" уюмдардын ишин уюштуруу тууралуу иштерде фигурант болушкан.
Мындан сырткары 12 кылмыш иши Курск облусунда Украинанын армиясы көзөмөлдөп турган айрым аймактардагы абалды чагылдырган чет элдик журналисттерге карата козголгон. Бул иштер "Орусиянын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү" беренесинин негизинде тергелүүдө.
Өткөн жылы Орусиянын соту журналисттерге карата кеминде 27, алардын 10уна сыртынан өкүм чыгарган.
Алардын ичинде жазуучу жана журналист Михаил Зыгарь, Republic басылмасынын мурдагы башкы редактору Дмитрий Колезев жана RusNews долбоорунун журналисти Роман Иванов бар.
2024-жылы The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершкович жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашева соттолду. Сот Гершковичти тыңчылыкка айыптап 17 жылга, Курмашеваны орус армиясы тууралуу "жалган маалымат" таратууга айыптап 6,5 жылга эркинен ажыраткан. Эки журналист тең былтыр 1-августта АКШ жана Орусия ортосунда камактагыларды айырбаштоо жараяны боюнча боштондукка чыккан.
“ЖМК укуктарын коргоо борборунун" докладында айтылгандай, 26 журналист, 20 медиа жана 11 блогер "чет элдик агент" деп таанылган. Учурда бул реестрдеги тизме 688ге жетти, алардын 160ы журналисттер. Мындан сырткары 63 медиа жана 43 блогер бар.
Шерине